Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Минскиде өткөн IV Евразиялык коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту атаандаштыктан кызматташтыкка өтүүгө чакырды.
Исаев эл аралык ишенимдин, руханий ынтымактын жана маданияттарды урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал азыркы дүйнөдө атаандаштык эмес, кызматташтык зарыл экенин айтты.
Сөзүнүн соңунда Асеин Исаев конференциянын катышуучуларын 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтө турган экинчи глобалдык тоо саммити «Бишкек +25»ке чакырды. Бул иш-чара тоо аймактарынын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк көңүл бурууга багытталган.


















