Жогорку соттун улук референти Айгүл Керимкулова сот системасындагы өзгөрүүлөр жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн жагдайлар тууралуу «Кабар» агенттигине маалымат берди. Анын айтымыша, сот системасынын тарыхында алгачкы жолу кызматкерлерге мамлекеттик льготтүү ипотека боюнча турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилген.
Керимкулова белгилегендей, көптөгөн кызматкерлер өз алдынча турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ошондуктан, льготтүү шарттардагы ипотекалык турак жай бөлүштүрүү алар үчүн чоң жардам жана түрткү болуп калган.
Материалык-техникалык базанын бекемделиши жана маяналардын көтөрүлүшү
Мындан тышкары, Керимкулова сот судьяларынын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин маяналарынын көтөрүлгөнүн, ошондой эле сот мекемелеринин материалдык-техникалык базасы кескин бекемделгенин баса белгиледи.
Улук референт кошумчалай келет: "Кызматкерлердин иштеши үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Бул шарттар рас болгону менен борбор шаарда гана эмес, бүткүл өлкөнүн бардык аймактарындагы соттор да компьютерлер, интернет жана жаңы технологиялар менен камсыздалган."


















