«Кыргыз Петролеум Компани» ЖЧКсына таандык мунай иштетүүчү заводдун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн масштабдуу долбоор башталмакта. Бул үчүн Министрлер Кабинети Финансы министрлигине «Кыргызнефтегаз» ААКсынын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча тапшырма берди.

Акциялардын кошумча выпушу жабык түрдө жайгаштырылат. Бул багыттагы акциялардын ээлери Министрлер Кабинетинин атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги болот. Ал эми Финансылык көзөмөл кызматы бул баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоодон өткөрүш керек.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги бул каражаттардын максаттуу колдонулушун көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Ошондой эле, аталган өзгөртүүлөр 2026-жылдын республикалык бюджетине жана 2027–2028-жылдар үчүн пландалган мезгилге киргизилиши зарыл.