Нарын облусундагы Кель-Суу жайлоосу тарапта бир автоунаа сууга чөгүп, анын ичинде болгон чет элдик туристтер кыйналып калышты.
Туристтик милиция кызматкерлери кырсык болгон жерге тез жетип, унааны суудагы абалдан чыгарып, жүрүүчүлөргө жардам көрсөтүштү.
Бул аракет жарандар тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынып, милициянын чын дилден жасаган жакшы иши катары бааланды.













