Кыргызстандын авиация тармагында өткөн жылдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берилди. Эң негизгиси, кыргыз авиакомпаниялары Европа Бирлигинин тоскоолдук тизмесинен чыгарылган экендиги айтылды.
Бул маалымат «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында түбылгыды. Журналистердин тобу Мамлекеттик граждан авиация агенттигинин, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун жана «Кыргызаэронавигациянын» иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгү алган.

















