Куршаб айылында болгон окуя айланадагылардын көңүлүн катуу алды. Күбөлөрдүн айтымында, болгон кырсыктын кесепетинен мектеп окуучусу ошол жерде каза болгон.

Маалыматтарга ылайык, унааны башкарган айдоочу болжол менен 80 жашта. Ал ден соолугундагы көйгөйлөрдөн улам ооруканага баратканы айтылууда.

Учурда бул окуя боюнча расмий маалымат берилген эмес.