Министрлер Кабинети Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өзүнүн караштуу түзүмдөрдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелерин өз алдынча чечүү укугун берди. Бул тууралуу Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган токтомдо айтылган.
Документке ылайык, Министрлик өз алдынча каржыланган жана атайын эсептерде топтолгон каражаттардын эсебинен иштеген филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын өзү белгилей алат.
- Кызматтык айлык акыларга жогорулатуучу коэффициенттерди белгилөө
- Иштин көлөмүнө жараша эмгек акынын пайыздык чендерин аныктоо
- Премияларды жана башка стимулдаштыруучу төлөмдөрдүн тартибин түзүү
Мындан тышкары, аталган бөлүмдөр үчүн мамлекеттик органдардын штаттык санына коюлган чектөөлөр колдонулбайт. Бул Министрликтин өзүнүн түзүмдөрүн ийкемдүү башкаруусуна шарт түзөт.
Буга чейин Курулуш министрлигинин жетекчилиги ведомствонун бардык департаменттери өз алдынча каржылоо принциби менен иштээрин, бул кызматкерлердин акысына түздөн-түз таасир этерин билдирген.
Министрликтин департаменттериндеги айлык акылар





