Жибек Дуйшеева сөзүндө, саламаттык сактоо тармагынын 2027-жылдагы бюджеттик гемодиализ программасы боюнча 3 млрд 919,2 млн сом каралганын белгиледи.

Ошондой эле, республикалык бюджеттен дары-дармек сатып алууга 7 млрд 670,5 млн сом, «Умут» деген улуттук программа боюнча пренаталдык скринингди киргизүүгө 1 млрд 550,5 млн сом каралган.

Мындан тышкары, «Дене сак жүрөк» деген улуттук программа үчүн 339,7 млн сом, ошондой эле Улуттук онкология борборунун препараттары жана Улуттук госпиталь үчүн медициналык жабдуулар боюнча республикалык бюджеттен ар бирине 101 млн сом каралган.