Жаңы тартип боюнча, кызматкердин иштөө учурундагы абалына жетекчиси жана кадрлар кызматы көз салып турушат. Эгерде алардын ишмердүүлүгүндө шектүү белгилер байкалса, анда медициналык текшерүүгө жөнөтүү маселеси каралат.

Текшерүүгө кандай белгилер негиз болот?

Талдоо жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй факторлор эске алынат:

  • жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү
  • жумушка кечикүү же келбей калуу
  • сөйлөөдөгү же координациядагы бузулуулар
  • инъекция издери
  • тынчсыздануу жана галлюцинациялар

Бул белгилердин өзү баңгизатты колдонууну далилдебейт, алар болгону медициналык текшерүүгө багыт берүү үчүн керек. Эгерде кадрлар кызматы ар кандай топтордон үч же андан көп белгини аныктаса, анда мамлекеттик органдын жетекчисине билдирилет.

Текшерүүнүн мөөнөттөрү жана натыйжалары

Жетекчи бул маселе боюнча бир жумуш күнүнүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Андан кийин кадрлар кызматы 48 сааттын ичинде багытты тариздейт. Кызматкердин текшерүүдөн өтүү үчүн эки жумуш күнү берилет.

Эгерде баңгизатты колдонуу далилденсе, бул маалымат полицияга жана Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке берилет. Ошондой эле тартиптик жоопкерчилик маселеси каралат. Ал эми текшерүүдөн баш тарткан учурда, бул маалымат жеке ишке тиркелет.

Буйрук 29-ноябрдан тарта күчүнө кирет.