Кыргызстан Кыргызстанда жана дүйнөдө ГСМ жетишсиздиги маселеси бар экенин энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстанда ГСМ толук импорттон көз каранды, ошондуктан маселени тез арада чечүү зарыл. Азыр резервди бекемдөө боюнча иштер жүрүүдө.

Өкмөттүн деңгээлинде Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр өткөн, азыр министерликтер аралык терең иш жүрүп жатат. Ар кандай варианттар каралууда жана жумушчу топ бул маселеге өзгөчө көңүл бурууда.

Беларусь да оң жооп берип, транзит маселеси Россия аркылуу чечилиши каралууда. Бул багытта тоскоолдуктар болбош керек.

Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп, алар ГСМ жеткирүүгө даяр экенин билдиришти. Учурда процедуралык маселелер чечилүүдө.