Катардагы кырдаал чыңалып турат, анткени өлкөдө ракеталык соккулар үзгүлтүксүз катталууда. Акыркы ракеталык сокку кечээ эртең менен саат 6:30 чамасында болду. Бирок Катардын аба коргонуунун системасы ракеталарды абада жок кылып, эч ким жабыркаган жок, анын ичинде кыргызстандыктар да.
Кыргызстандын Катардагы элчилиги жана консулдугу күчөтүлгөн режимде иштеп, кыргызстандыктардын коопсуздугуна көңүл бөлүүдө жана кырдаал боюнча убакытында маалымат берүүдө.
Катарда аба мейкиндиги эч мамлекет тарабынан жабылган эмес жана эл аралык каттамдар адаттагыдай иштеп жатат. Эвакуациялык каттамдар Перс булуңундагы айрым өлкөлөрдүн аба мейкиндиги жабык болгондуктан үчүнчү өлкөлөр аркылуу, мисалы Сауд Арабиясы аркылуу уюштурулган.
Кыргызстандын элчилиги мамлекеттик органдар менен координация жүргүзүп, керектүү уруксаттар менен атайын визаларды даярдоодо жана кыргызстандыктарды аэропортко жеткирүүнү бекер уюштуруп жатат.
Азыркы учурда кыргызстандык жарандардан эвакуацияны каалаган ниет боюнча кайрылуулар болгон жок, - деп билдирди Шумкарбек Курсанов.













