Сауд Аравиясынын бийлиги 10-октябрда Эр-Рияддагы Король Халид эл аралык аэропортунун үчүнчү терминалына ракеталык сокку урулган учурду тартып алган көзөмөл камераларынын видеосун жарыялады. Видеодо жүргүнчүлөрдүн аэропорттун ичинде жүргөнү, андан кийин капысынан болгон күчтүү жарылуудан улам имараттын чаң жана түтүнгө капталганы көрүнөт.

Жарылуудан кийин шыптан кулаган сыныктар жана паникага түшкөн адамдардын качып жатканы кадрларда так байкалат. Reuters агенттиги жарыяланган видеолордун биринин тартылган жерин жана датасын ырастап, кадрлар аэропорттун үчүнчү терминалынын сүрөттөрү менен дал келерин белгиледи.

Мындай кол салуулар эл аралык укукту одоно бузуп, аба каттамдарынын коопсуздугуна коркунуч келтирет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнөн

Соккунун кесепеттери

13каза болгондор
309жараат алгандар
3терминал (сокку урулган жер)

Алгачкы маалыматтар боюнча, кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жараат алган. Кийинчерээк соккудан жабыркап, Индия жаранынын каза болгону кабарланды. Ошентип, ишемби күнкү кол салууда каза болгондордун жалпы саны 13кө жетти.

Сауд коалициясы сокку үчүн жоопкерчиликти Йемендеги хуситтерге жүктөдү. Алардын аракетинен аэропорттун үчүнчү жана төртүнчү терминалдары жайгашкан комплекси жабыркады. Окуядан кийин аэропорттун иши токтотулуп, жүздөгөн каттамдар жокко чыгарылып же башка шаарларга багытталды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Эр-Рияд аэропортуна жасалган ракеталык соккуларды айыптады. Ведомство жарандык инфраструктурага кол салуулар эл аралык укукту одоно бузуп, аба каттамдарынын коопсуздугуна коркунуч келтирерин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кагылышуу тараптарын карманууга чакырды.