Парламенттин отурумунда депутат Камила Талиева өз ыйгарым укуктарынан баш тартуу жөнүндөгү жаңылыктарды түшүндүрүп берди. Ал бул маалыматтардын негизсиз экенин жана алардын таралышына байланыштуу нааразычылыгын билдирди.

Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же ушактардын мамлекетиндеби?
Камила Талиева

Талиева текшерүүсүз маалыматтарды жарыялоо жана адамды негизсиз кыйын абалга салууга болбой турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал бул маалыматтарды тараткан кызматкер кызмат ордунан бошотулганын айтты. Депутат парламенттын спикери ушактар боюнча тез арада чара көргөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин расмий маалыматына ылайык, Камила Талиева учурда өз ишмердүүлүгүн токтоткон жок жана депутаттык милдеттерин мурдагыдай эле аткарууда. Борбордук шайлоо комиссиясына мандатты тапшыруу боюнча эч кандай арыз берилген эмес.

Документтен

Депутат Камила Талиеванын мандатын тапшыруу боюнча арыз бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы