Россиянын Камчатка крайында 12-августтан баштап жер астындагы оптикалык кабельди оңдоо иштерине байланыштуу интернет кызматтары токтотулат.
Оңдоо иштери 4 күнгө созулуп, бардык мобилдик жана үй интернети үзгүлтүккө учурайт.
Бул убакытта аймак резервдик спутниктүү байланышка которулат, мобилдик байланыш үзгүлтүксүз иштейт.
Камчатка районунун санариптик өнүгүү министри Григорий Бондаренко белгилегендей, бул иш-чаралар өзгөчө кызматтарга, банктарга, медициналык мекемелерге, МФЦларга жана ири соода тармактарына кесепетин тийгизбейт.
Ошол эле учурда мессенжерлер, социалдык тармактар жана башка онлайн сервистер иштебей калат.
Аймакта 20 федералдык жана 1 регионалдык телеканал үзгүлтүксүз эфирди улантат.










