Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик таможка кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Наркотиктердин жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Германиядан келген эл аралык почта жөнөтмөсүнөн наркотикти мыйзамсыз алып кирүүнү алдын алышты.
Биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө почтаны алуу учурунда К.С. аттуу жаран кармалды. Ал башында кутучанын ичинде жер семирткичтер бар экенин айткан, бирок кийинчерээк флакондун ичинде «Т» опиоиддик анальгетиги жатканын моюнга алган.
Кармалган жарандын айтымында, бул почтаны Германияда жашаган таанышы жөнөткөн.
Документтен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык, аталган препарат наркотикалык каражаттардын категориясына кирет жана мамлекеттик көзөмөлгө алынган.
Мамлекеттик таможка кызматы көзөмөлдө турган заттарды камтыган дары-дармектерди алып кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен гана мүмкүн экенин эскертет. Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотот.








