Кыргызстанда сууну үнөмдөө максатында бетон курама полотно колдонуу пландалып жатат. Министр Эрлист Акунбеков билдиргендей, бул материал каналдардын ичтин бекемдөөгө жана суу жоготууну толук токтотууга шарт түзөт.

Бетон курама полотно цементке негизделген заманбап курулуш материалы. Ал каналдардын ички бетине суу өткөндү алдын алып, суунун филтрациясын токтотот жана каналдагы сууну 100% сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, бул технология салттуу бетонго салыштырмалуу курулуш чыгымдарын 30% га кыскартууга жана иштерди алда канча ылдамдатууга мүмкүндүк берет.

Жыл аягына чейин заводдун ачылышы күтүлүүдө. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион чарчы метрге жетиши башкы планда турат.