Бир нече жаран айдоочулук боюнча бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөнү менен, күбөлүк алуудан баш тартылганын билдиришти. Танкелердин түшүндүрмөсү боюнча, автомектептин бүтүрүү тууралуу күбөлүгүндүн алты айлык мөөнөтү аяктап калган. Бирок жарандардын негизги суроосу: эгерде документтин мөөнөтү алдын ала өтүп кеткен болсо, эмне үчүн аларды экзаменге киргизүүгө жана убакыт менен акчасын короттурууга жол берилди?

Мындай кырдаал Бишкек шаарынын тургундарынын бири Айжан Мукамбетова жана анын 19 жаштагы уулунда байкалды. Жаш жигит жеке автомектепте өткөн жылы окуган, бирок ден соолугунун начардыгынан улам сабактарды убактылуу токтотууга мажбур болгон. Медициналык маалымкаттардын негизинде окууну кайра улантып, курсту аяктап, 2026-жылдын 23-мартында документти колуна алган.

Бирок автомектеп белгисиз себептерден улам күбөлүккө өткөн жылдын июль айындагы күндү жазып койгон. Ал эми электрондук базада документ 2025-жылдын 31-июлунда катталган. Курсант дароо Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борборго (