Адистин айтымында, чуманын активацияланышы негизинен жаз-жай мезгилинде болот, анткени ошол учурда инфекцияны ташуучулар — жаныбарлар жана бүргөлөр эң жогорку активдүүлүктү көрсөтүшөт.

Бизде абал туруктуу. Ошондой эле аба ырайы салкындап, күн сууктап, суурлар ийиндерине уйкуга киришти. Ошондуктан оорунун жайылуу коркунучу өтө аз. Сууктун келиши менен чуманы ташуучу бүргөлөрдүн да активдүүлүгү төмөндөйт. Алар ар кандай жаныбарларда, анын ичинде суурларда жашашат.
Кубанычбек Бектурдиев, врач-эпидемиолог

Эпидемиолог белгилегендей, медициналык жардамга өз убагында кайрылган учурда чума дарыланууга болот.

Бул оорудан толук айыгууга болот, эгерде дарыгерлерге өз убагында кайрылса. Дарылоо тийиштүү антибиотиктер менен жүргүзүлөт.
Кубанычбек Бектурдиев, врач-эпидемиолог