Нью-Йоркто өткөн туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги форумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев GEIDCO уюмунун төрагасы Синь Баоань менен жолугушту.

Анда алар Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электрэнергетикалык рыногун түзүү жана бир катар энергетика тармагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Ал ошондой эле Кыргызстанда, Бишкек шаарында 2026-жылдын сентябрь айында өтүүчү туруктуу өнүгүү боюнча биргелешкен энергетика форумун уюштуруу маселеси талкууланды. Форумду GEIDCO, ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура блогу жана Кыргызстандын энергетика министрлиги биргелешип өткөрөт.

Низкоуглеродное развитие, энергетическая эффективность и безопасность важны для государств Центрально-Азиатского региона. Они обладают огромным потенциалом для развития возобновляемой энергетики, в то же время есть необходимость модернизации электросетевого оборудования и развития трансграничного энергетического сотрудничества. В этих условиях переход к устойчивому развитию приобретает для стран Центральной Азии особое значение.
Евразия экономикалык комиссиясы

Арзыбек Кожошев белгилегендей, бул форум өкмөт өкүлдөрү менен бизнес коомчулугунун бийик деңгээлдеги диалог жүргүзүү үчүн маанилүү алака түзүүчү аянтча болот.