Бүгүн, 14-июлда, Жогорку лиганын 3-турундун алкагында Манас шаарында «Мурас Юнайтед» жана Караколдун «Барс» командалары беттешет.
Оюн «Курманбек» стадионунда өтүп, башталышы 20:30га белгиленген.
Азыркы учурда турнирдик таблицада «Мурас Юнайтед» 33 упай менен 2-орунда турат. Ал эми «Барс» 32 упай топтоп 3-орунда жайгашкан.
Акыркы сезондо эки команда эки жолу беттешкен: 1-майда Манаста «Мурас Юнайтед» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен, ал эми 23-сентябрда Караколдо «Барс» 2:0 менен уткан.










