Европа Комиссиясы Россияга каршы санкциялардын 22-пакетинде Кыргызстандын криптовалюта секторун чектөөлөрдүн алкагына киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу The Kyiv Independent басмаканасы анонимдүү Евросоюз чиновнигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Брюссель бүтүндөй бир өлкөнүн криптовалюта компаниялары менен операцияларды жабууга мүмкүндүк берген механизмди колдонууну пландап жатат. Европа тарабы мурда Кыргызстандын бийлиги менен санкцияларды айланып өтүү коркунучтарын талкуулаганын билдиришет.
Эгерде бул сунуш жактырылса, Евросоюздун 27 мамлекетинин макулдугу менен, Кыргызстанда катталган крипто кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде криптоактивдерди алмаштыруу жана которуу платформалары менен иштөөгө Евросоюздун жарандарына жана компанияларына тыюу салынат.
Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен жаңы санкциялар Россиядагы криптовалюта жана төлөм тармактарын, ошондой эле санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген үчүнчү өлкөлөрдү камтый турганын айткан. Ал конкреттүү мамлекеттердин атын атаган жок.
Бул чектөөлөрдү киргизүү үчүн укуктук механизм 2026-жылдын июлунда түзүлгөн. Бул механизм ар бир компанияны өзүнчө тизмеге киргизбей эле, атайын тизмеге кирген мамлекеттин криптокомпаниялары менен иштөөгө тыюу салууга мүмкүндүк берет. Мындай чектөө Кыргызстандын ичиндеги крипто биржалардын жана алмаштыруучулардын ишин толугу менен токтотпойт.










