Forbes журналынын маалыматы боюнча, байлыктын кескин төмөндөшүнө технологиялык компаниялардын акцияларынын баасынын түшүшү себеп болду. Буга каржылык отчеттордун начарлашы жана корпорациялардын жасалма интеллектти өнүктүрүүгө кетирип жаткан ири чыгымдары тууралуу инвесторлордун тынчсыздануусу таасир этти.
Эң көп жоготуу көргөн миллиардерлер
Эң чоң жоготууну Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск көрдү — анын байлыгы бир айда 68 миллиард долларга азайды. Буга негизинен SpaceX аэрокосмостук компаниясынын рыноктук баасынын төмөндөшү себеп болду.
Экинчи орунда Google'дун тең негиздөөчүсү Ларри Пейдж турат — ал 53 миллиард доллар жоготту. Анын өнөктөшү Сергей Брин 49 миллиард доллардан ажырады.
Meta башчысы Марк Цукерберг менен Dell Technologies негиздөөчүсү Майкл Деллдин ар бири 40 миллиард доллардан жоготушту.
Nvidia негиздөөчүсү Дженсен Хуанг 22 миллиард доллар жоготсо, Oracle негиздөөчүсү Ларри Эллисон жана Amazon түзүүчүсү Жефф Безос ар бири 8 миллиард доллардан ажырады.





