Чыгыш Англия университетинин окумуштуулары тепкич менен көтөрүлүү жүрөк-кан тамыр оорусун жана эрте өлүмдүн тобокелдигин азайтат деген жыйынтыкка келишти. Алар 480 миңден ашуун адам катышкан тогуз иликтөөнүн маалыматтарын орточо 14 жыл бою анализдешти.

Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, тепкич менен дайыма көтөрүлгөн адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүү коркунучу 39%га, ал эми каалаган себептен өлүү коркунучу 24%га төмөн экени аныкталды.

Мындан тышкары, тепкич менен көтөрүлүү инфаркт, инсульт жана жүрөктүн жетишсиздиги коркунучун да азайтат. Эң пайдалуу натыйжа күн сайын болжол менен алты тепкич басып өтүү учурунда байкалган.

Изилдөө статистикалык байланыш көрсөтөт, бирок тепкич менен көтөрүлүүнүн түздөн-түз өлүм коркунучун азайтканы далилденген эмес.
АКИpress