Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев 24.kg сайтына берген интервьюсында, эгерде мамлекет күйүүчү майдын бааларын толугу менен бошотсо, бензин АИ-92 литринин баасы болжол менен 114 сом, ал эми дизель майынын баасы 148 сом болушу мүмкүн деп билдирди.

Амангельдиев кабмин жыл соңуна чейин ички рынокту күйүүчү май менен толук камсыздоону максат кылып жатканын белгиледи. Бирок ГСМ баалары дүйнөлүк рыноктогу тенденциялар жана жаңы контракттардын шарттарына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Учурдагы баалардын кымбаттыгы негизинен дефициттен келип чыгып жатканын, бул абалга геосаясий кырдаал, Ортоңку Чыгыштагы окуялар жана Россиядагы нефткө кайра иштетүүчү заводдордун кээ бирлеринин токтотулушу таасир эткенин түшүндүрдү.

Өкмөт күйүүчү май баалары жогорулаган учурда нефтетрейдерлерге чыгымдарды жабуу үчүн республикалык бюджеттен компенсация төлөө механизмин иштеп чыкканын, ар бир партиянын баасын, жеткирүү чыгымдарын жана маржаны текшерип турууну улантып жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик жөнгө салуу негизинен бензин АИ-92 жана дизель майына тиешелүү, ал эми бензин АИ-95ти социалдык маанилүү деп карашпайт.