Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында пенсионерлер үчүн атайын кайрымдуулук көрсөтүү уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

18-ноябрда «Натахинын назикдиги» аттуу спектакль коюлат. Пенсиялык курактагы жарандар театрдан акысыз пайдаланып, спектаклди көрө алышат.

Спектакль Николай Коляданын чыгармасы боюнча Нурлан Абдыкадыровдун режиссёрдук коюму болуп саналат. Сюжетте мектеп бүткөндөн кийин 20 жыл өткөн соң кокусунан жолугушкан мурунку классташтардын тагдыры баяндалат. Башкы каармандардын адамдык мамилелерге болгон көз караштарынын айырмасы көрсөтүлөт.