Майрамдык иш-чаранын алкагында уюштурулган улуттук оюндарга катышуу үчүн аймактардан мергенчилер жана куш баптоочулар келишти. Алардын арасында Чүй районунун Советское айылынын тургуну Талай Шукуров да бар. Ал жанына карчыга жана тайгандарын ала келген.

Токмок шаарынан 10 жаштагы Амир Камчыбеков да катышып, ал ителги алып келди. Turmush кабарчысына берген маегинде ал куштун теги тууралуу айтып берди: «Кушту мага убагында Ишенбек ата белек кылган, азыр аны багып, эт менен тоюттандырам».

Кушту мага убагында Ишенбек ата белек кылган, азыр аны багып, эт менен тоюттандырам
Амир Камчыбеков, Токмок шаарынан келген 10 жаштагы катышуучу
Ранее по темеЖК депутаттары Чуй облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Талай Шукуров — «Кумайык» кыргыз тайганы федерациясы» коомдук бирикмесинин жетекчиси, ошондой эле Чүй облусу боюнча куш салып аң уулоону көзөмөлдөйт. Ал өзү менен бирге Куюн деген ылакап аттуу чүлү (эркек карчыга) жана 3 жаштагы Каракоз аттуу тайганын алып келген. Мындан тышкары, бир жаштагы Кумайык жана эки жаштагы Тумар деген тайгандары да бар.

Иш-чаранын видеосу Turmush басылмасынын YouTube каналында жарыяланды.