Чүй облусундагы Панфилов районунун жергиликтүү бюджети акыркы үч жыл ичинде 103 миллион сомдон болжол менен 394 миллион сомго чейин өскөн. Бул тууралуу райондун акими Бекмаат Масаидов радио эфирде билдирди.
Акимдин айтымында, 2025-жылы райондогу бардык айыл өкмөттөрү мамлекеттик дотациялардан толук чыгып, район өзүн-өзү каржылоо деңгээлине жетти.
бюджет103 млн сом394 млн сом +283%
Бул натыйжага райондо ири өндүрүш ишканаларынын курулушу түздөн-түз таасир эткен. Өзгөчө, жалпы инвестициясынын көлөмү 12 миллион долларды түзгөн төрт тоо-кен ишканасы ишке кирди.
Инвестиция жана жумуш орундары
Ошондой эле, Вознесеновка айылында 7,5 миллион доллар өлчөмүндө балык жеминдерин чыгаруучу завод курулган. Бул ишкана Кыргызстандын балык жеминдерине болгон муктаждыгын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы курулган заводдо 100 жумуш орду түзүлгөн.








