Кыргызстандын тоолуу аймактарында, ошондой эле Каракол — Энилчек автожолунун Чон-Ашуу ашуусу жаткан 74–90-чакырым аралыгында кар лавиндарынын конушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет мекемеси маалымдайт.

Мөөнөт 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин созулат. Жаан-чачындын жана түзүлгөн лавиндик кырдаалдын таасиринен улам жолдордо кар топтолушу, кардын кабаттанышы жана жолдун муз болуп калуусу мүмкүн экени айтылган.