Дипломаттын айтымында, бүгүнкү күндө тышкы саясат менен ички реформаларды эки өзүнчө процесс катары кароого болбойт. Ал Кыргызстандын мамлекеттик институттарынын акыркы беш-алты жылын реконфигурациялоо мезгили деп мүнөздөдү.

Бактыгүл Каламбекова бул убакытты тек гана саясий өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо туура эмес экенин белгилеп, учурдагы мезгилди мамлекет өзүнүн башкаруу моделин, экономикалык саясатын, тышкы байланыштарын жана коом менен мамлекеттин өз ара мамилелерин кайра карап жаткан убакыт катары баалады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн негизги маселе — эл аралык уюмдарга катышуунун санын көбөйтүү эмес, бул катышууну мамлекеттин ички институттук сапатын жогорулатуучу ресурска айландыруу.
Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова

Эл аралык милдеттенмелердин ички реформаларга таасири

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлүгү жана ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу аймактык уюмдардагы активдүүлүгү өлкөгө кандай талаптарды коёт деген суроого дипломат жогорудагы пикирин билдирди.

Анын баамында, азыркы глобалдашуу доорунда Кыргызстан эл аралык эрежелер менен тыгыз байланышта иштөөгө тийиш. Бул өз кезегинде ички реформалардын сапатына талаптарды күчөтөт.