Криптовалюта рыногунда Биткоиндин баасы кескин төмөндөөдөн өтүүдө. Соңку маалыматтарга ылайык, коиндун наркы 60 миң доллардан төмөн түшкөнүнүн эң акыркы учуру 2-июл болгон. Бул көрсөткүч бир сутка ичинде болжол менен 5 пайызга чейин төмөндөдү.
Binance биржасынын маалыматы боюнча, эң ири объем менен соода жүргүзүлгөн платформада Биткоиндын баасы бир сутка ичинде 4,79 пайызга арзандап, 59 864,43 долларды түздү.
Ал эми 20ден ашык биржалар боюнча орточо бааны эсептеп турган CoinMarketCap порталынын маалыматына ылайык, Биткоиндин наркы 5,05 пайызга төмөндөгөн.




