21-ноябрдагы маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң ири криптовалютанын баасы 56 миң доллардан төмөн түшүп кетти. Reuters агенттигинин билдирүүсүнчө, Биткоиндын баасы эртең менен 55 830 долларды түздү. Ал эми «Медуза» басылмасы берген маалыматтар боюнча, күн ичинде баа 55 648 долларга чейин төмөндөгөн.

Криптовалютанын баасы мындай деңгээлге акыркы жолу 2024-жылдын сентябрында катталган болчу. Кийинчерээк баа бир аз калыбына келүү менен Бишкек убасы менен саат 14:05да болжол менен 57 800 доллар болуп жатты.

Биткоиндин баасы126 000 доллар55 648 доллар −56%

Биткоин өзүнүн 2025-жылдын октябрындагы тарыхый максимумуна салыштырмалуу баасынын жарымынан көбүн жоготту. Бул кескин төмөндөөнүн себептерин изилдөөдө бир нече факторлор белгиленди.

Эмне үчүн баа түшүүдө?

Reuters маалыматына ылайык, инвесторлордун технологиялык компаниялардын, өзгөчө жасалма интеллект тармагындагы акцияларынын өтө кымбат болуп кеткендиги тууралуу кооптонуулары негизги себеп болуп жатат. Мындан тышкары, АКШдагы акча-кредит саясатынын катаалдашы мүмкүн экендиги жана санариптик активдерди жөнгө салуу жагындагы белгисиздик да рынокко кысым көрсөтүүдө.

Бул процесс бир гана криптовалюталарды эмес, технологиялык компаниялардын акцияларын, алтынды жана башка активдерди да арзандатууга алып келди.

Криптовалюта рыногундагы көрсөткүчтөр (CoinDesk боюнча)

2,4 млрдтрейдерлердин позициялары жабылды
1 млрдбиткоин фьючерстер боюнча
55 648минималдуу баа (доллар)