2026-жылдын 13-ноябрында Свердлов райондук акимиате Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана райондун участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык көмөк көрсөтүү боюнча штабдын жыйылышы болуп өттү.
Жыйылышка райондун башчысы Бакыт Караев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана алдыдагы шайлоо кампаниясына жооптуу кызматкерлер катышты.
Бакыт Караев катышуучуларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык түзүлгөн райондук штабдын курамы жана негизги милдеттери менен тааныштырды.
Талкуу учурунда шайлоо комиссияларына техникалык жактан жардам берүү, кызматтардын иш аракетин координациялоо жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы менен өз ара аракеттенүү багыттары каралды. Ошондой эле, уюштуруучулук маселелерди өз убагында чечүү жана шайлоо комиссияларынын иши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча райондун башчысы жооптуу бөлүмдөргө тиешелүү тапшырмаларды берди жана бардык түзүмдөрдүн шайлоого даярдык көрүүдө бирдиктүү иштеши керектигин баса белгиледи.








