Бишкек шаарынын борборунан алыс, Төмөнкү Норус айылында жаңы №1 тергөө абагы ишке кирди. Бул курулуш жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт жана ал 1500 айыпталуучуну кабыл алууга ылайыкталган.

Жаңы объекттин көрсөткүчтөрү

24 000чарчы метр (аянты)
1 500айыпталуучунун саны
48батирлердин саны

Жаңы тергөө абагынын ичинде соттук отурумдарды өткөрүү үчүн төрт зал, судьялар үчүн кеңешүүчү зал, ошондой эле адвокаттар менен прокурорлор үчүн өзүнчө кабинеттер каралган. Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн эки корпусдон турган турак жай комплекси, спорт зал, ачык спорт аянтчасы жана унаа токтотуучу жай курулган.

Курулуш эки жылга созулду: долбоорлоо 2023-жылы, ал эми иштер 2024-жылы башталган. Кызматкерлер үчүн 48 батирлүү эки корпус, спортзал, спорт аянтчасы жана унаа токтотуучу жай да курулган.
Арзымат Рахым уулу, Курулуп жаткан объекттер дирекциясынын башчысы
  1. 2023-жыл

    Объектти долбоорлоо иштери башталды

  2. 2024-жыл

    Негизги курулуш иштери жүргүзүлдү

  3. 2024-жыл, ноябрь

    Жаңы тергөө абагы расмий түрдө ачылды