Бишкек шаарындагы №61 мектепти мыкты баа менен бүтүргөн Эльмырза Канатбеков акыркы улуу тестте 231 балл топтоп, эң жогорку натыйжаларды көрсөткөн көч башчылардын катарында болду.

Ал мамлекеттик тестке даярдыкты өткөн жылдын декабрь айынан баштап, алты ай бою атайын курстарга катышып, үйдө дагы туруктуу окуу менен иш алып барган. Апта сайын 3–4 саат даярдык көргөн.

«Эң кыйын бөлүк орус тили болду. Эрежелер көп жана татаал болгондуктан көбүрөөк аракет талап кылынат. Бирок мен жогорку натыйжага жетерин билгем. Бардык бүтүрүүчүлөргө өз күчүңөрө ишенип, эмгектенип, ийгилик күтүүсүңөр керек», — деди Эльмырза.

Ал Американын Борбордук Азия университетине (АУЦА) кабыл алынып, экологиялык туруктуулук жана климатология факультетине тапшырып, ал жерде төрт жыл окуп, андан кийин магистратураны улантууну пландоодо.

«Келечекте Кыргызстанда калууну, экология тармагында иштөөнү жана өлкөнүн айлана-чөйрөсүн коргоо менен туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну каалайм», — деди бүтүрүүчү.