Бишкек шаардык кеңешине «Муниципалдык турак жай фондунун объектилерин акысыз негизде менчиктештирүүнүн айрым маселелери жөнүндө» токтом долбоору киргизилди. Бул тууралуу мэриянын сунушунан белгилүү болду.

Долбоор муниципалдык батирлерди акысыз менчиктештире ала турган жарандардын тизмесин кеңейтүүнү карайт. Ага мэриядан муниципалдык батир алууга сертификат алгандар кошулат.

Документтен

Токтом менен Бишкек мэриясынын муниципалдык батир алууга сертификаттарын алган жарандарды тизмеге киргизүү каралган.
Долбоордун текстинен

Өзгөртүүлөр 2020-жылдын 19-февралындагы №154 токтомуна киргизилет. Ал өзгөчө учурларда муниципалдык турак жайды акысыз менчиктештирүүгө укугу бар жарандардын категорияларын аныктайт.

Долбоордун негиздемесинде жаңы киргизүү муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүүнү ченемдик жактан жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана эгиз төрөлгөн үй-бүлөлөргө кошумча социалдык колдоо көрсөтүүгө багытталганы белгиленет.

Ошол эле учурда мэриянын сертификатынын болушу өзү эле батирге менчик укугунун автоматтык түрдө пайда болушун билдирбейт. Менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, турак жайга жана аны менчиктештирүүгө укугу бар жарандарга коюлган талаптар эске алынып жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, токтом менен Тунгуч кичи районундагы эки муниципалдык батирди акысыз менчиктештирүү сунушталууда: бир батир Алымбек Жумабаев менен Бегимай Асановага, дагы бир батир Назира Джумаеваага өткөрүлүп берилет.