Бишкек мэриясы ижарада турган муниципалдык мүлктүн укугун ижарачылардан сатып алуу мүмкүн эмес экенин жарандарга дагы бир жолу эскертүү берди. Бул чара муниципалитеттин жана шаар тургундарынын укуктарын коргоого багытталган.

Маалыматка ылайык, муниципалдык мүлктү убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө чектөө киргизилүүдө. Ошондой эле, муниципалдык мүлктү финансы-кредиттик мекемелерге күрөөгө коюуга тыюу салынат.

"Бул чаралар муниципалдык мүлктү пайдаланууга байланыштуу талаштуу кырдаалдардын алдын алууга, соттук териштирүүлөрдү болтурбоого, ошондой эле муниципалдык менчикке мүмкүн болгон оорчулуктарды жокко чыгарууга багытталган", — деп билдирди борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриянын маалыматы боюнча, кээ бир ижарачылар муниципалдык мүлктү пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берген же сатып жиберген учурлар аныкталган. Мындай келишимдерде Бишкек мэриясы тарап болгон эмес жана жаңы пайдалануучу менен ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт.

"Мындай укуктарды сатып алган жарандар ижара келишимин узартуудан баш тартуу тобокелдигин өздөрүнө алышат. Муниципалдык мүлк өзгөчө укуктук коргоого алынарын эскертебиз. Муниципалдык мүлктү пайдалануу укуктарын тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чекте гана ишке ашырылат", — деп айтылат билдирүүдө.