2026-жылдын алты айында Кыргызстанда тамак-аш өндүрүшүнүн көлөмү 46 миллиард 846,3 миллион сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 40 миллиард 213,4 миллион сомго салыштырмалуу 16,5%га жогорулады.
Бирок өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 98,7% түзүп, өткөн жылга карата көлөмү 1,3%га азайганын көрсөттү.
2026-жылдын июль айында тамак-аш өндүрүшү 8 миллиард 451,2 миллион сомду туура келсе, ал эми 2025-жылдын июль айында 6 миллиард 568,1 миллион сом болгон. Бул номиналдык көрсөткүч боюнча 28,7% өсүштү билдирет.
Июль айындагы физикалык көлөмдүн индекси болсо 104,7%ды түзүп, ошол айда өндүрүш көлөмүнүн өсүшүн көрсөттү.









