Бишкек шаарында №86 мектептин короосунда окуучулардын ортосунда массалык муштуш болду. Бул окуя учурунда башка окуучулар да чогулуп, болгон окуяны байкап турушкан.
Бишкектин Биринчи май районунун ИИМ бөлүмүнүн маалыматы боюнча, муштушуп жаткан окуучулардын баары аныкталып, кырдаалды тактоо үчүн милицияга жеткирилди. Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, окуянын алдын алуу максатында өспүрүмдөр менен мектеп администрациясы менен алдын алуу мүнөздөгү маектешүүлөр өткөрүлдү.










