Бишкекте 16-август күнү саат 11:00дөн 19:00гө чейин Кочевниктердин дүйнөлүк оюндарын салтанаттуу ачуу аземинин репетициясына байланыштуу жол кыймылы убактылуу токтотулат.
- Аалы Токомбаев проспектиси — Чортековдон Барпы Алыкуловго чейинки аралык
- Д. Куюков көчөсү — Чортековдон Махатма Ганди көчөсүнө чейинки аралык (мурда Муромская катары белгилүү)
- Эр-Тайлак көчөсү — Чортековдон Арча-Бешикке чейинки аралык
Шаардык мэрия жарандарды маршруттарын алдын-ала пландап, башка жолдорду издөө менен кыймыл чектөөлөрүнө даяр болууга чакырды. Бул учурдагы чектөөлөр — салтанаттын репетициясына байланыштуу.









