18-октярда Бишкек Аренанын маңындагы бир нече көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө коюлат. Бул чектөөлөр Шакирдин концерти учурундагы коопсуздук чараларынын бир бөлүгү болуп саналат.

Кыймыл чектелип туруучу көчөлөр

УПСМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, саат 07:00дөн тартып төмөнкү көчөлөрдө кыймыл чектелип турушу пландалган:

  • Аалы Токомбаев көчөсү – Масалиевден Алыкуловго чейин
  • Муром көчөсү – Алыкуловдон Ахунбаевге чейин
  • Эр-Тайлак көчөсү – Масалиевден Муром көчөсүнө чейин
  • Куюков көчөсү – Масалиевден Муром көчөсүнө чейин

Концертке катышуучу көрүүчүлөрдү алып баруу үчүн шаттл-автобустар колдонулат.