Бишкекте «Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдын образы» аттуу республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Бул долбоор 2019-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

Сынакка жалпысынан 60дан ашык долбоор сунушталган. Эксперттер катышуучулардын иштерин илимий жаңылыгы, практикалык мааниси жана экономикага киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча баалашты.

Негизги номинациялардын жеңүүчүлөрү

«Окумуштуу айым» номинациясы боюнча төмөнкү катышуучулар мыкты деп табылды:

  • И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин өкүлү Аида Эгембердиева — 1-орун
  • Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институтунун өкүлү Назира Кыдырмаева — 2-орун
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык медицина жана илим институтунун өкүлү Анар Зарипова — 3-орун

Сынактын эң жогорку деңгээли — Гран-при сыйлыгы эки аялдын ортосунда бөлүштүрүлдү:

Башка номинациялар