Бишкек шаарында эл аралык Lotte Hotel бренди астында мейманканалык комплекстин курулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, Lotte Hotels & Resorts жана LP Invest компаниялары максаттар жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Агенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алдын ала түзүлгөн концепция боюнча, долбоор беш жылдыздуу мейманкананы, сервисдик резиденцияларды жана бизнес-борборду курууну көздөйт. Комплексти борбор шаардын түштүк бөлүгүндө, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан районунда жайгаштыруу пландалууда.
Келечектеги комплекстин курамына таш аркада менен бириктирилген эки симметриялуу мунара кирет. Ошондой эле иш кароолор, конференциялар жана расмий кабыл алуулар үчүн бөлмөлөр, ресторан жана велнес-борбор каралган. Бизнес-борбор үчүн өзүнчө кире бериши болот.
Мейманкана франчайзинг модели боюнча иштейт. Бул долбоордо Lotte Hotel брендин колдонууга Lotte Hotels & Resorts компаниясынын Корея Республикасындагы башкы кеңсеси макулдук берген. LeePrime Group компаниясы комплекстин концепциясын сунуштап, инвестордун долбоорду иштеп чыгуудагы өнөктөшү болуп саналат.



















