Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашкандай, 7-августта саат 04:30дар чамасында «Дордой» жашоочу массивинин көчөлөрүнүн биринде белгисиз алты адам бир жигитти топ менен сабап качышкан.

Бул окуя тууралуу жабырлануучу менен бир тууган милицияга кайрылган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси — «Хулиганство» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция окуянын чоо-жайын жана шектүүлөрдүн катышуусунун себептерин кенен иликтөө иштерин улантууда.