16-июлда Бишкек жана аймактарындагы автозаправкаларда бензин жана дизель майынын баалары ар кандай деңгээлде көрсөтүлдү. Компаниялар бааларды өздөрүнүн сайттарында, мобилдик тиркемелеринде жана АЗСтердеги стеллаларда жарыялашты.

Кээ бир АЗСтерде баалар жогорулаганына карабай, айрым жайларда баалар ошол бойдон калган.

Колдонуучулар күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн баалоо үчүн benzbarby.com аттуу атайын сайт түзүштү. Бул ресурс аркылуу айдоочулар бензиндин жана дизель майынын кайсыл АЗСтерде бар экенин реалдуу убакытта көрө алышат.