Каракол шаарында 16-июлдан тарта бензиндин баасы 2 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү Turmush басылмасы кабарлап, айдоочулар арасында баалардын өзгөрүшү талкууланып жатканын жазды.

Бир айдоочу Мирбек баалардын өзгөрүшү боюнча өз пикирин айтып, жакында АИ-95 бензини айрым заправкаларда жок болгонун, азыр болсо кайра сатылып баштагандыгын, бирок кымбатыраак болгондуктан көбүнчөсү АИ-92 менен толтуруп жатканын белгиледи.

Караколдогу күйүүчү майдын 16-июлдагы баалары

  • АИ-95 – 98,50 сом/литр
  • АИ-92 – 83,80–83,90 сом/литр
  • АИ-92 (евро) – 85,30 сом/литр
  • АИ-80 – 65,90 сом/литр (баары жерде сатылбайт)
  • Дизель түлүгү (ДТ) – 94,90–97,30 сом/литр

Аталган баалар бир нече автозаправкалоочу станциялардан алынган жана кызматкерлер алардын акыркы өзгөрүүсүн тастыкташты.