Бишкек шаарында биринчи жолу «AI BALDAR» аттуу фестиваль өткөрүлөт. Бул иш-чарада балдар замандын инновациялык технологиялары менен: роботтор жана жасалма интеллект менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Фестивальдин программасында жасалма интеллект колдонуп сайттарды түзүү менен таанышуу жана келечектеги заманбап кесиптер жөнүндө маалымат алуу камтылган.
Бул окуя балдардын техниканы терең үйрөнүүсүнө, жаңычыл ойлорду калыптандырууга жана келечек үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт.



