Транспорт министринин орун басары Бактылуу Момбековдун айтымында, иштерди жүргүзүү боюнча келишимди ушул жылдын аягына чейин түзүү күтүлүүдө. Ошол эле учурда мобилизациялык иштерди баштоо пландалууда.

Ал эми толук кандуу курулуш иштери 2027-жылы жанданышы керек. Кийинки жылы жол төшөгүчтүн биринчи катмарын төшөө, ал эми 2028-жылдын аягына чейин объектти толугу менен пайдаланууга берүү каралган.

Контрактты ушул жылдын аягына чейин түзүүнү көздөп жатабыз. Андан кийин мобилизациялык иштер башталат. Ал эми негизги курулуш иштери 2027-жылы башталып, 2028-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.
Бактылуу Момбеков, транспорт министринин орун басары

Жыйын учурунда депутат Эркеайым Сейтказиева (№25 округ) аталган унаа жолундагы иштерди мүмкүн болушунча тездетүүнү суранды.