Газ берүү эмне үчүн токтотулат?
Маалыматка ылайык, «Бишкекгаз» газ кызматы жер алдындагы орто басымдагы газ түтүктөрүн кайра кошуу иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер газ менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.
Кайсы аймактар жабыркайт?
Газ берүү 24-июлдан 28-июлга чейин төмөнкү көчөлөр жана объектилер менен чектелген аймактарда токтотулат:
- БЧК
- Фучик көчөсү
- Дорожная көчөсү
- Юбилейная көчөсү
- Ала-Арча дарыясы
- Пригородная көчөсү
- Молодая Гвардия бульвары
- Саадаев көчөсү
- Школьная көчөсү
- Садовый переулку
- Коллекторная көчөсү
- Новая көчөсү
- Киргизская көчөсү
- Советский переулку
«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ жок учурда абоненттерди альтернативдүү энергия булактарын колдонууга чакырат.














