Кыргызстанда соңку апталарда абанын температурасы кескин көтөрүлдү. Ысык аба шарты адамдардын саламаттыгына гана эмес, унаалардын иштешине да таасирин тийгизүүдө.
BISHKEK PETROLEUM компаниясына унаа ээлеринен ысык абада унааларды кандай колдонуу керектиги тууралуу суроолор түшүүдө.
Компаниянын маалыматына караганда, тышкы аба температурасы +40 °C болсо, кыймылдаткыч токтотулгандан кийин мотордун астындагы температура +70–100 °C чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда күйүүчү май системаларынын элементтери ысып, бензиндин жеңил фракциялары тезирээк бууланат.
Мындай кубулуш – өтө жогорку температура шарттарында унааларды колдонууда табигый физикалык процесс болуп саналат.
Ошондой эле, адистер ысык күндөрдө унааларга кошумча жүк түшөрүн белгилешет. Кондиционерди үзгүлтүксүз колдонуу, тыгыз шаардык кыймыл, унаанын үнөмдүү иштебей турган абалда туруу ж.б. факторлор күйүүчү майдын сарпталышына жана кыймылдаткычтын иштөө өзгөчөлүгүнө таасир этет.
BISHKEK PETROLEUM компаниясы ар бир күйүүчү май партиясын сапаттык көзөмөлдөн өткөрөөрүн, майларды сактоо, ташуу жана сатуулардагы техникалык талаптар толук сакталарын баса белгилейт.
Компания ошондой эле ички контролун күчөтүп, күн сайын сатылып жаткан күйүүчү майдын сапатын көзөмөлдөп келет.




