Кийинки аптанын башынан тартып Кыргызстанда өтө жылуу аба ырайы күтүлүүдө. Айрым аймактарда аба температурасы 40 градуска жетиши мүмкүн, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
ӨКМ ысыкта ден соолукту сактоо үчүн бир катар негизги сунуштарды бере кетти. Аларга көбүрөөк суу ичүү, баш кийим кийүү жана жарык түстөгү жеңил кийим кийүү кирет.
Ысыкта күндүн активдүүлүгү катуу болчу сааттарда – тактап айтканда 12:00дөн 16:00гө чейин – сыртта болбоо сунушталат. Ошондой эле күндөн коргоочу каражаттарды колдонуу маанилүү.
Баш айлануу, алсыздык же жамандык сезим пайда болсо, дароо көлөкөгө же салкын жайга кетип, суу иче берүү керек.
Балдар менен үй жаныбарларын унааларда калтырбоо тийиш, себеби ысыкта машина ичиндеги температура тез эле коркунучтуу деңгээлге чыгат.
ӨКМ аномалдуу ысык учурунда өзүн жана жакындарын коргоп, аба ырайына байланыштуу сак болууну эскертет.
Ысык жараян тууралуу цифралар




























